
Бүгүн, 5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында конокто Түндүк Корея курама командасы менен беттешет.
Беттеш Эр-Рияд шаарынын «Файсал Бин Фахд» атындагы стадионунда 6-июнга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 00:15де старт алат.
Бүгүнкү беттешке күбө болуу үчүн «Ак шумкар» командасынын күйөрмандарына фан-зона уюштурулат.
Күйөрмандарды бириктирген футбол майрамы «Ала-Тоо» аянтында өтүп, футбол, музыка жана элдик шаң бириккен LEGEND FAN FEST майрамы белгиленет. Анда кыргыз эстрадасынын алдыңкы артисттери: Омар, Freeman 996, Бек Борбиев, DJ Айгерим Назар, Bakr, Бегиш, Баястан, DJ Little Padre, Tamga, Allega жана Easy Leggo сахнага чыгышат.
Ошондой эле, күйөрмандарды спорттук жана интерактивдүү оюндар күтөт.
Өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, «Ала-Тоо» аянты
🕖Фан-зонанын башталышы: саат 19:00
🕛Оюндун башталышы: түнкү саат 00:15 (6-июнга караган түн)
Кирүү акысыз!