“Ипотекалык үй жерге чөгүп кетти” деген чындыкка жатпайт”. МИК билдирүү таратты(Видео)

Социалдык тармактарда тараган, Бишкектин Маликов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанындагы плиткалар боюнча видео тууралуу МИК төмөнкүлөрдү билдирди:

Бул үй кыш мезгилинде пайдаланууга берилген, мында аба ырайынын шарттарына байланыштуу айрым сырткы иштерди толук аткарууга мүмкүн болгон эмес.

Аба ырайы суук болуп, жер тоңгон шартта травмобка жана брусчаткаларды туруктуу орнотуу мүмкүн эмес эле. Ушуга байланыштуу айрым плиткаларда орун которуу жана тайгактык жаралган.

Учурда аталган тилкеде оңдоо иштери башталды, жана подрядчы компания тарабынан калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Маселе тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.

Кошумчалай кетсек, бул жердеги маселе имараттын конструкциялык коопсуздугуна эч кандай тиешеси жок. Видео материалда көрсөтүлгөн көйгөй — сырткы каптамалар жана плитканын жайгашуусу боюнча гана.

“Сын-пикирлерге ачыкпыз, бирок чындыктан алыс, жаатташтыруу мүнөзүндөгү билдирүүлөрдү таратуудан оолак болууга чакырабыз. Ар бир маселе убагында жана жоопкерчилик менен чечилет”-деп айтылат билдирүүдө.

21 Июнь 2025 жыл 18:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча