
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Боз айылынын тоосунда көмүр карьерине өз алдынча көмүр казууга кирип кеткен бир жаран газга ууланып мерт болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аларга кырсык тууралуу 20-майда маалымат түшкөнүн, жерине алты куткаруучу барып, ал жарандын сөөгүн 90 метр тереңдиктен алып чыгышканын кабарлады.
Мерт болгон жаран, анын тек-жайы тууралуу толук маалымат берилген жок.