Кадамжайда жаш өспүрүм суу каналга түшүп каза болду

18-июнда саат 20:50 чамасында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Миң-Чынар айылынын жашоочусу, 2013-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүм бала жашаган аймагындагы суу өтүүчү каналга кокусунан түшүп кетип, сууга тумчугуп каза болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала «көчөгө ойноп келем» деп чыгып кеткен бойдон кечке үйүнө кайткан эмес. Жансыз денеси табылган соң, медициналык адистердин катышуусунда кароо жүргүзүлдү. Ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экендигин билдиришкен. Маркумдун сөөгү ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Бул факты Кадамжай РИИБде катталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

19 Июнь 2025 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча