Кандын рагына чалдыккан 38 жаштагы Айгерим Төлөгөнова учурда жолдошу жана 2 кызы менен Бишкектеги батирлердин биринде күн кечирип келишет.
Ал эми бул оор дарттын азабын акыркы 3 жылдан бери тартып келе жаткан Айгерим күндөн-күнгө абалы начарлап баратканын айтат. Бирок аны ар дайым түн уйкусунун качырып, санаага салган кыздарынын келечеги ойлондурбай койбойт. Андыктан ал жашоого умтулуп, оорунун алдында сынбай күрөшүп, бул дартты жеңип, үй-бүлөмдүн жанында болсом деген аруу тилеги бар.
2011-жылы баш кошуп, алдыда бактылуу күндөрдү бирге көрөбүз деп жатканда минтип жубайы Айгерим Төлөгөнова оор дартка чалдыгып калып, үй-бүлөсүнө чоң оор сыноо келгенин айткан жубайы Тынчтык Жузбаев басса-турса кудайдан тилегени эле жубайы сакайып, эки кызы мээримге толуп чоңойсо деп тилек кылат. Бирок жубайы эртерээк сакайып кетиши үчүн баягы эле каражат маселеси турат. Айтымында дарыгерлер жубайына тез аранын ичинде операция жасоо керектигин айтышкан. Анын баасы 80 000 АКШ долларын чапчыйт. Ал эми бул чоң суммадагы каражат үй-бүлө үчүн табылгыс акча. Андыктан жубайынын өмүрү үчүн күрөшкөн жолдошу Тынчтык Жузбаев кайрымдуу элден жардам суроого аргасыз экенин айтты.
Бул бири-бирине өбөк болгон үй-бүлөнүн бактылуу күн кечиришине себепкер болуп жана күнү-түнү бул дартты жеңип, жакындарымдын маңдайында болойун деп тилек кылган 38 жаштагы энеге жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү даректерге каражат которсо болот.
Реквизиттер
вотсап 0702992710
СБЕРБАНК: +79258356688
О!деньги: 0702 992710
МБАНК: 0702 992710
ОПТИМА банк: 0702 992710
Компаньон банк: 0702 992710
Айгерим Тологонова