Кар көчкү түшөт. ӨКМ чукул билдирүү таратты

ӨКМдин Гирометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2026-жылдын 26-февралынан 28-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу);
  • Арал — Миң-Куш унаа жолунун 1-14 чакырымдарында;
  • Арал — Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201-205- 260-290- жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
    Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
25 Февраль 2026 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча