Кара-Кулжада 20 жылдык кечеге барган аялын өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды  

Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде классташтардын 20 жылдык кечесине барган ялын өлтүрдү деп шек саналган жаран камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

«26-майда Өзгөн милициясына Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп жазылган маалыматта.

Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок. Кылмышка шектүүнүн жакындары, жактоочусу үн ката элек.

Мунун алдында социалдык тармактарда классташтардын 20 жылдык кечесинде убагында чогуу окуган бала менен кол кармашып чыккан аялын күйөөсү кызганып, атка сүйрөтүп, атып өлтүргөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

28 Май 2025 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча