Караколдогу «Өлбөс полк» жүрүшүнө россиялык артист Николай Басков да катышты

Бүгүн, 9-майда Каракол шаарында «Өлбөс полк» жүрүшү өтүп жатат.

Иш-чарага шаардын мэри Талантбек Иманов, россиялык артист Николай Басков жана Каракол шаарынын тургундары катышууда.

Бүгүн кечинде шаарда орус эстрада ырчыларынын катышуусунда гала-концерт өтөт.

Эскерте кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленүүдө.

9 Май 2026 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча