Каратэчи Алинур Камилов дүйнөлүк рейтингдик турнирде чемпион болду

Каратэчи Алинур Камилов дүйнөлүк рейтингдик турнирде чемпион болду.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
4-7-декабрь күндөрү Италиянын Лидо-ди-Езоло шаарында WKF уюмунун дүйнөлүк рейтингдик каратэ турнири өттү, ага 77 өлкөдөн 3045 спортсмен катышты.
Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Алинур Камилов кадеттер арасында 70 кг жогорку салмакта турнирде чемпион болду.
Бул кыргыз каратэсинин дүйнөлүк рейтингдик турнирлердеги тарыхындагы биринчи алтын медаль болду.

9 Декабрь 2025 жыл 12:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча