2025-жылдын 7 айында Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн көлөмү 865,2 млрд сомду түзүп, 11,5 %га көбөйдү. Кыргызстан ИДӨнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында биринчи орунда турат:
Өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыздалды. Мисалы, өнөр жайда өсүү 11,4 %ды түздү. Айрыкча жогорку көрсөткүчтөр төмөнкү тармактарда катталды:
«Бул абдан жакшы динамика. Курулуш сектору 37,8 %га, тейлөө чөйрөсү – 9,8 %га, айыл чарбасы – 2,3 %га өстү. Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи жогору болууда. 7 айдын жыйынтыгы боюнча алардын көлөмү 141,9 млрд сомду түзүп, 33,4 %га көбөйдү», — деди ал.
Бул көрсөткүч мурунку жылдардагы деңгээлдерден ашып кетти:
Министрлер кабинетинин төрагасы негизги капиталга инвестициялардын өсүшү ички каржылоо булактарынын 52,2 пайызга көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалганын, бул улуттук каржылоо базасынын бекемделишинен кабар берерин белгиледи.
«Сиздерге белгилүү болгондой, социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын турукташтыруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-августунан тартып 90 календардык күнгө эттин (уй эти жана кой эти) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.
Мен Экономика жана коммерция министрлигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте эттин баасын мамлекеттик жөнгө салууну көзөмөлдөөнү жана бардык социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторингди күчөтүүнү, зарыл болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырдым. Орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны ооздуктоо максатында үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыздан 9,26 пайызга чейин көтөрдү.