Касымалиев мугалимдердин айлыгы качан жогорулай турганын айтты

2026-жылдын апрель айынан тарта мугалимдердин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин талыкпас эмгеги мамлекет тарабынан тийиштүү баасын алышы керек. 

“Жаңы мектептерди куруу, жаңы окуу китептерин камсыз кылуу жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге, алардын айлык маянасын да жогорулатабыз. Бул багытта тиешелүү каражаттар бөлүнүп жатат. Буйруса 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт»,— деп белгиледи ал.

4 Октябрь 2025 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча