Казак элинин көрүнүктүү акыны Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Kazinform кабарлады.
Ага ылайык, акын буга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болду.
Алп акын Мухтар Шаханов 1942-жылы Түркстан облусунда жарык дүйнөгө келген. Анын 30дан ашык поэтикалык китептери жарык көрүп, чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен биргеликте “Аскада калган аңчынын ыйы” эссесин жана “Сократты эскерүү түнү” пьесаны жазышкан. Бул чыгармалар театрлардын сахналарында ийгиликтүү коюлган.
Мухтар Шаханов Казакстандын жана Кыргызстандын эл акыны болуп, эгемендүүлүк жылдарында казак тилинин жана улуттук руханий мурастын коргоочу катары салымын кошкон.
2022-жылы акынга өлкө президенти Касым-Жоомарт Токаев “Казакстандын эмгек баатыры” наамын ыйгарган.