“Коррупциянын сазына батты”. Депутат төрөт үйлөрүн текшерүүгө чакырды

Депутат Камила Талиева төрөт үйүнүн дарыгерлеринин ишмердүүлүгүн сынга алды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында биринчи медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн көп тараптуу донордук максаттуу фондду гранттык негизде берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
«Толгон кыз-келиндер дарыгерлер акчасы жок көңүл бурбай жатканын айтышат. Коңшу өлкөлөрдөн келгендер көп акча төлөп, дарыгерлер жакшы карашат. Дарыгерлер коррупциянын сазына батып: мамлекеттен да, карапайым жарандардан да акча алып жатышат. Алар эч нерседен коркпой, мыйзамсыз байып жатышат. Бишкектин бардык төрөт үйлөрүндө мамлекеттик комитетти текшериш керек. Улуттук коопсуздук үчүн Камчыбек Ташиев өлкөдө энелердин өлүмү көбөйүп жатат, бул боюнча бир нерсе кылуу керек», — деди депутат.

23 Июнь 2025 жыл 19:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча