«Кош келдиң, уулум». Блогер Илияз менен Айтурган уулдуу болушту(видео)

Блогер Айтурган Замирбек кызы көз жарды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчысында сүйүнчүлөдү.

«Жарык дүйнөгө кош келдиң, уулум»,- деп билдирүү калтырды.

Ошондой эле анын жолдошу блогер, спортчу Илияс Чыңгызбек уулу дагы уулдуу болгонун сүйүнчүлөдү.

Белгилей кетсек, түгөйлөр буга чейин 6 жылдан бери наристе күтүп жатышканын айтып келишкен. Алар айылдагы кызыктуу жашоонун сүртүмүн тартуулаган блогдору менен эл оозуна алынган.

3 Декабрь 2025 жыл 16:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча