Криштиану Роналдунун ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу фейк маалымат тарады

Кыргызстандагы социалдык түйүндөрдө жана мессенджерлерде белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу жалган маалымат тарады.

Сүрөттөр менен коштолгон бул маалымат эч кандай расмий булактарга негизделген эмес. Тараган сүрөттөгү бурмалоолор көзгө дароо урунат. Айрыкча, сүрөттөгү адамдын колундагы манжалардын саны алты болуп көрүнүп, фотомонтаж экени анык байкалат.

Медиасабаттуулук боюнча адистер мындай фейк жаңылыктар сенсация жаратуу жана коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн атайын таратылаарын эскертишет. Жарандарга маалыматты ишенимдүү булактардан текшерип, анан гана таратууну сунушташат.

Криштиану Роналду буга чейин ар кандай маданияттар менен диндерге сый-урмат көрсөткөнүн айткан. Бирок анын дин өзгөрткөндүгү тууралуу расмий маалымат жок.

21 Декабрь 2024 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча