КРВИ жана сасык тумоо көбөйдү: Ооруканаларда 200 орун жана мобилдик бөлүм ачылды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин м.а. Каныбек Досмамбетов курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун өсүшүнө байланыштуу абалды өз көзү менен баалоо үчүн Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына штаттан тышкаркы сапар менен барган.
Министрдин тапшырмаларынын негизинде тез чаралар көрүлүп, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда кошумча 200 керебет даярдалды. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
“Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы күчөтүлгөн режимде иштеп, кабыл алуу бөлүмүнө кошумча 10 педиатр тартылып, сасык тумоо менен кайрылган балдарга күнү-түнү жардам көрсөтүлүүдө.
Ошондой эле кайрылуулар көбөйгөн учурда жарандарды тез кабыл алуу үчүн оорукананын алдына бардык шарты бар эки мобилдик клиника орнотулду”,-деп айтылат маалыматта.

11 Декабрь 2025 жыл 19:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча