Кылмыштуу топту каржылоого шек саналып кармалгандардын арасында Бегалиев да бар

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев менен кошо дагы эки адам «уюшкан кылмыштуу топту каржылоого, опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалганын» билдирди. Алар «кримчөйрөдө «Братский круг» деген ат менен таанымал топто болгонун» маалымдады.

«Б.Т.К. буга чейин ИИМде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган, кылмыш чөйрөсүндө «Дөө Чынгыз» деген ат менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун лидери Чыңгыз Жумагуловдун «өкүл атасы» катары белгилүү болгон. Т.Ч. Жумагулов жана «мыйзамдагы ууру» аталган , «Сакал» деген каймана ат менен белгилүү Улан Токтосунов менен тыгыз байланышы болгон. Ал эми Т.А.Т. Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбекке) жакын болуп жаш спортчуларды кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен алектенген, Камчыбек Асанбектен спорт боюнча «куратору» болгон, олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин биринин директору кызматын ээлеген. Алар кыргызстандын жаранынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы баасы 2 миллион долларга бааланган жерин күч колдонуп тартып алышкан, кийин ал жер Б.Т.К.нын жакын туугандарына каттатылган. Ал ИИМде иштеп турганда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн калкалап, кызматтык мүнөздөгү маалыматтарды берип колдоо көрсөткөн»,-деп жазылган маалыматта.

Жогорку сот Талас Бегалиев менен кошо эки адам Бишкектеги Октябрь райондук соттун чечими менен 12-июлга чейин абакта калтырылганын билдирди.

19 Май 2025 жыл 18:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча