Кыргыз балбандары Польшадагы эл аралык турнирде 3 коло медаль алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Pytlasinski” эл аралык турниринин биринчи күнүндө 3 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Владислав Пытлясинскийдин жаркын элесине арналган бул турнир кечээ, 30-июлда Польшанын борбору Варшава шаарында башталган.

Аталган турнирде кыргыз балбандары Асан Жанышов 87 кг, Ырыскелди Максатбек уулу 77 кг жана Ырыскелди Хамзаев 72 кг салмак категориясында күрөшүп, коло медаль багындырды.

.

31 Июль 2025 жыл 16:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча