Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Оман менен кыргыз жарандары үчүн эвакуациялоо каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Белгиленгендей, министрлик маселени тынымсыз көзөмөлдө кармоодо жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат берет.
ТИМ чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болууну эскертет.
«Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону, өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү, ошондой эле расмий билдирүүлөрдү көзөмөлдөөнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Израил Иранга сокку ургандан кийин Жакынкы Чыгыш аймагында абал курчуган. Буга байланыштуу аймакта бир катар аба каттамдары токтотулган.