Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө болду

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 06:25те Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында 3,5 баллга, Кара-Булак айылында 3 баллга, Массы айылында 2,5 баллга (Тоскоол айылынан 10 чакырым түндүк батышка, Майлуу-Суу шаарынан 13 чакырым чыгышка) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

24 Май 2025 жыл 9:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча