Кыргызстанда ондон ашык жатак абактары жоюлат. Бул тууралуу бүгүн брифингде юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик системаны дебюрократташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып жатып билдирди.
Анын айтымында, түзөтүү мекемелери — бул түрмөлөр, ал эми колония-поселениелер — жатак абактары.
«Бирок, бул адамдардын колония-поселениелерге келип, каттоого туруусун токтотту. Андан кийин биз пробацияны киргиздик, ошентип эки система бири-бирин кайталап калды. Ошондой эле кадрлардын жетишсиздиги бар эле. Эми бул колония-поселениелер жоюлуп, бардыгы пробация системасына өтөт», — деди ал.
Министр белгилегендей, алгач беш колония-поселение, андан кийин дагы бешөө жоюлат.