Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди

Бүгүн, 3-апрелде саат 16:20да Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстан аймагында катталып, Баткен шаарынан 130 чакырым түштүктө жайгашкан.

Кара-Тейит, Карамык, Каравшин калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү болжол менен 3 баллга жеткен.

3 Апрель 2026 жыл 18:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча