КР Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 13:44тө Кытай Эл Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 4,5 балл, Кумтөр ишканасынын аймагында 4 баллга чейин сезилген.
Учурда Сейсмология институту тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.