
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстандын жараны Азамат Нурматовдун Стамбулда эмнеге кармалганын айтып берди.
Ал Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жатып, кыргызстандык мугалим «Хизмет» (Түркияда террордук уюм катары табылган) кыймылына тиешелүү иш боюнча кармалганын билдирди.»Азамат Нурматов 2016-2017-жылдары аскерий төңкөрүш болгон маалда Түркиядагы бир жатаканада жашаган экен. Ошол кезде көбүнчө Фетхуллах Гүллендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени колдонуптур. Түрк тарап ошонун негизинде Нурматовго издөө жарыялаган. Мугалим ошол үчүн кармалган», — деди Имангазиев.Министрдин орун басары педагогдун жактоочусу менен ТИМ кызматкерлери тыгыз иштешип жатканын, маселе көзөмөлдө экенин кошумчалады.