Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 8 медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы эл аралык биология олимпиадасында (AIBO — Avicenna International Biology Olympiad) 8 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Олимпиада 20-27-апрель күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген окуучулар катышты.

Жогорку деңгээлдеги билим таймашында Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 1 алтын, 5 күмүш жана 2 коло, жалпысынан 8 медаль багындырды.

Алтын медаль:

  • Дмитрий Рубан – «Сейтек СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу.

Күмүш медалдар:

  • Улукбек Русланбеков – «Сейтек СТЕМ» мектеби, 10-класс;
  • Атахан Исираев – «Кут Билим» окуу-тарбия комплекси (Ысык-Көл), 11-класс;
  • Эржан Асанов – Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс;
  • Байхан Байсулдаев — Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс.

Коло медалдар:

  • Анатай Нурланов – Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс;
  • Умар Эргешов – «Курманбек баатыр» атындагы Жалал-Абад балдар лицейи, 10-класс.
14 Май 2026 жыл 8:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча