Кыргызстандын өнөр жай тармагынын көрүнүктүү инсаны Бейшенов Самат Бейшенович дүйнөдөн кайтты

87 жаш курагында Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагынын эмгек сиңирген кызматкери, ардактуу ардагер пенсионер Бейшенов Самат Бейшенович дүйнөдөн кайтты.

Ал жеңил өнөр жай тармагында жетекчи катары даңазалуу эмгек жолун басып өткөн. Ленинграддагы Жеңил өнөр жай институтун аяктап, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай министринин биринчи орун басары кызматына чейин жеткен. Самат Бейшенович Камволдук-сукон комбинатын, Байпак-трикотаж өндүрүш бирикмесин, «Илбирс» трикотаж өндүрүш бирикмесин, Ысык-Атадагы «Семетей» мех фабрикасын жетектеген.

Анын жетекчилиги алдында борбор калаада жана өлкөнүн аймактарында тармакка тиешелүү бир катар ири объектилер курулган. Ошол эле учурда ал совет мезгилинде да, эгемендүү Кыргызстандын рыноктук шартында да жогорку ийгиликтерге жетише алган.

Анын эмгеги текке кеткен жок. Бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай тармагындагы миңдеген кызматкерлер Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да таанылган «Made in Kyrgyzstan» бренди алдындагы атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгарып келишет.

Өкмөт Бейшенов Самат Бейшеновичтин өлкөнүн өнөр жай потенциалын чыңдоого жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын жогору баалап, аны «Ардак Белгиси», «Эмгек Кызыл Туу» ордендери жана башка бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлап, Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагынын эмгек сиңирген кызматкери наамын ыйгарган.

Анын өмүр жолу жана эмгек ишмердүүлүгү кийинки муундагы кыргызстандыктарга жана жетекчилерге өрнөк болуп кала берет. Самат Бейшенович тууралуу жаркын элес туугандарынын, жакындарынын жана аны тааныган адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Үй-бүлөсү жана жакындарына көңүл айтабыз.

16 Май 2026 жыл 10:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча