
Казахстанда кулчулукта болгон: өлдү делген жаран 19 жылдан кийин табылды
Бул материал Т-медиа ресурсунан алынды жана автору Т-медиа экенин белгилеп кетмекчибиз.
Аксана Көчүбаева 2005-жылы 25 жашында Казакстанга барып бир жыл иштеп келген. Экинчи ирет дагы иштөө үчүн барганда аны алдап кетишкен. Кыргызстандан алып баргандар аларды айтылган жерден башка жайга алып барышкан.
Аксана Көчүбаева.: “Печенье чыгара турган жайда он күн иштедик. Андан кийин Балхаштагы башка жерге алмаштырабыз дешкен. Бирок бизди андан да ары алып кетишти. Так кайсыл жерге алып барганын билбейм. Анткени адам деле барбаган, кум болгон ээн талаага алып барышкан”-деп билдирген.
Аксананын айтымында, алар эки гектар жерге салынган сарайдын ичинде жашашкан. Айланасы эки метрлик дубал менен курчалып, видео көзөмөл менен атайын адамдар кайтарып турган. Кармалгандар негизинен уй саап, сүт тартып, кык чогултуп, мал карашчу. Аксана кармалган жайда кулчулукка кабылгандар токсондон ашарын, ал жайдан качууга да аракет кылганын айтты.
Аксана Көчүбаева: Качууга аракет кылгам…
Таңкы саат төрттө туруп 25-30 уй саачубуз. Кийин алардын сүтүн колго тартып, сүт, айран жасайт элек. Тамак-аш эмне болсо жейсиң. Ден соолукту ал жерде эч ким ойлобойт. Ооруп калуу деген жок болчу. Жумушка чыкпасаң таяк жейсиң. Бир ирет качууга аракет кылып кармалып калгам. Мени катуу сабашып, колум сынган. Ошол бойдон кыйшык бүтүп калды. Дагы бир бала качканда аны атып салышкан. Ал көмүлгөн да жок. Ошондон кийин биз качууну токтотконбуз.
Ошентип, Аксана өзү менен иштеген 17 адам менен кошо 2014-жылы жүк ташыган унаага жашынып качып чыгышкан. Кийин кулчулукта чогуу жүрүп таанышкан жолдошу менен баш кошуп, Алматыга барып мал багып жашап жүрүшкөн. «Качкандарга издөө болушу мүмкүн» деп ойлоп, Аксана өз атын Айгерим деп өзгөртүүгө мажбур болгон. Жолдошу экөө бул тууралуу 2019-жылга чейин эч кимге айтышкан эмес.
Дээрлик он тогуз жыл өтсө дагы Аксананын Кыргызстанга кайтам, бир туугандарын, балдарын табам деген үмүтү өчкөн эмес. Ал ортодо ата-энеси, туугандары да издөө салып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок, жыйынтык болгон эмес. Кийин ага карата «өлдү» деген чечим да чыккан. Көп өтпөй апасы менен иниси да каза болуп калган. Жакында социалдык тармактан бир тууган сиңдисин таап, аны менен байланышка чыккан.
Аксана Көчүбаева: Мекениме кайтам деген үмүт өчкөн эмес…
Кыргызстанга барам деп 18 жыл күттүм го. Ушул убакытка чейин «мекениме кайтам» деген үмүтүм өчкөн эмес. «Үйгө барып апама, туугандарыма жолугам» дечүмүн. Анттиң ай, жолуга албай калдым го.
Өлкө жетекчилигине кайрылуу
Азыр Аксана Көчүбаеванын да, балдарынын да өздүгүн тастыктаган эч кандай документи жок. Ошол себептүү эки баласы балдар үйүндө турат. Эгер, аларга бир айдын ичинде документ жасалбаса балдарын биротоло ала албай калышы мүмкүн. Мындан улам ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, балдарын алып мекенине кайтып келүүгө жардам сурады.
Булак: Т-медиа