Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Б.Төрөбаев менен биргеликте энергетика министри Таалайбек Ибраев 2026-жылдын 26-апрелинен 1-майына чейин Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү”форумуна катышты.
2026-жылдын 29-апрелинде Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Б.Төрөбаев менен Чженцзян провинциясынын губернатору Лю Цзэ менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү, анда бир катар маселелерден сырткары энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.
Иш сапардын алкагында 30-апрель күнү Ханджоу шаарында Кыргыз-Кытай бизнес форуму өтүп, 150дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышты. Эки өлкөнүн ортосунда практикалык кызматташтыкты тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.
Анда Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы келечектүү ири долбоорлор, кыргыз энергетикасынын потенциялы тууралуу презентация тартууланып, ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен ачык диалог түзүүгө, кызматташуунун алдыдагы келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жолугушуунун алкагында кытай компанияларынын жана соода-өнөр жай өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы долбоорлорго катышууга кызыктар экенин билдиришип, бир катар суроолорду узатышты. Өз кезинде энергетика министри Т.Ибраев алардын ар бир суроосуна жана сунушуна так жана жеткиликтүү жооп узатып, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап инвесторлор менен кызматташууга дайым даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапардын жүрүшүндө энергетика министри Т.Ибраев трансформатордук жабдууларды чыгарган Kerun lntelligent Control завонун иши менен жеринде таанышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.