
Базар-Коргондо атышуудан улам эки жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 2025-жылдын 18-июнь күнү Базар-Коргон РИИБне, Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган Х.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 2025-жылдын 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында 2000-жылы туулган С.И. менен Базар-Коргон шаарынын Бишкек-Ош авто жолунун четинде турган учурда, бей тааныш болгон эки бала кара түстөгү Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаа менен келишип, өздөрүнүн башкаруусундагы Деу Матиз үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде олтурган С. аттуу кызды алып кетебиз деп талашып, бирөөсү башына бир жолу уруп, экинчи бала чөнтөгүнөн тапанча чыгарып, атып саламын деп коркутуп, тапанча менен бир нече жолу атып, пистолетинин арт тарабы менен башына уруп башын жарып койгондугун билдирип чара көрүп берүүнү сураган.
Натыйжада жабырлануучулар Б.Х. жана И.С. денесинен алган жаракаттары боюнча Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасынын жараат тануу бөлүмүнө кайрылышып, биринчи жардам алып чыгып кетишкен.
Аталган окуя ошол эле күнү Базар-Коргон РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад ОИИБдин КИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катарында Сузак районунун 1994-жылы туулган А.Р. жана 1997-жылы туулган Б.Т. аттуу жарандар кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1994-жылы туулган А.Р. жана 1997-жылы туулган Б.Т. аттуу жарандар Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.