Кызыл сызыктан чыккан кызуу талаш. Бишкекте Айтматов проспектисиндеги курулуштар сүрдүрүлүүдө 

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспекти Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейинкеңейтилүүдө. Ага ылайык, 26-майда  ал жерде кызыл сызыктан чыкты делген курулуштар буздурулду. Жерине вице-мэр Жамалбек Ырсалиев өзү барып, буга чейин тургундарга эскертүү берилгенин айрым мыйзамды сыйлаган жарандар өздөрү эле «кызыл чектен» чыгып кеткен короолорунбузуп, жаңылап алышканын, бирок кээ бирлери качан мамлекет кенемте төлөп берет деп күтүп отурушканын жергиликтүүмаалымат каражаттарына айтып чыкты.  

Ал эми андагы тургундар курулушка уруксат кагазы бар экенин айтып, кенемте төлөп берүү маселеси чечилбегенин билдирүүдө. Тагыраагы, жергиликтүү жашоочулардын айтымында, колунда кызыл китептери бар болгонуна карабастан, 26-майда атайы техника менен кызматкерлер эч кандай эскертүүсүз эле келип,  үйлөрдүн короолорун жана сарайларын  бузуп башташкан. Айтымдарында кызыл китеби жок жашоочулардын тосмолорун буга чейин бузуп кетишкен, ал эми кызыл китеби барларга сүйлөшүү жолу менен келишим түзүп, мыйзамдын негизинде гана иш жүрөрүн айтышкан. 

Мындан улам  жеке менчикке болгон конституциялык укугу бузулуп жатканына нааразы болгон тургундар  жеринде милиция  кызматкерлери да келип, алар кулатуу жүрүп жаткан аймакты курчап, жашоочуларды киргизбей коюшканын билдиришти.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев  борбордо акыркы 2 жылда  активдүү түрдө ыкчам кабыл алган чечимдердин алкагында жолдорду оңдоо, түздөө жана кеңейтүү иштери жүрүп жатканын жана ал үчүн бул жылы 4, 3 млрд сом акча каражаты жумшаларын айтты. Бирок, ал көп учурда бизде курулушка тоскоол кылган үйлөр боюнча маселелер  жаралып жатат дейт. Мындан улам мэр шаардын кызыкчылыгы үчүн жол курулушуна жана инфраструктуранын өнүгүшүнө тоскоол болгон бир да объект калтырылбай турганын баса белгиледи. 

Мэрдин билдиришинче, компенсация жана башка маселелер боюнчажазуу түрүндө кайрылуулар болсо маселени талкуулоого даяр, бирок асмандын башын айтып, мага мынча кенемте төлөп бергиле дегендерге жол бербейбиз, баардыгы мыйзамдын алкагында чечилет дейт. 

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы аталган Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса куруп, четине велосипед тепкендерүчүн өзүнчө жол жана тротуар салууну пландап жатат.

27 Май 2025 жыл 19:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча