Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;
Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектөө зарыл.

8 Декабрь 2025 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча