Малайзияда жол кырсыгынан 15 адам каза болду

Бүгүн эртең менен Малайзиянын Перак штатындагы Чыгыш-Батыш шоссесинде студенттерди ташыган автобус унаа менен кагылышып, кеминде 15 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады. 

Маалыматка караганда, кырсык саат 7:10до катталган. 

Жарандык коргонуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө, 48 адам жаракат алып, 13 адамдын жансыз денеси окуя болгон жерден табылган. Ал эми эки жабырлануучу ооруканада каза болгон. 

“Премьер-министр Анвар Ибрагим жол кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жогорку билим берүү министрлигине каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүүнү координациялоону тапшырды”,-деп айтылат маалыматта.

9 Июнь 2025 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча