Маматалиев мугалимдин айлыгы боюнча 300дөй кайрылуу түшкөнүн билдирди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү 23-апрелдеги жыйынында мугалимдердин айлык акысына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Депутат Токтобүбү Ашымбаева маяна жогорулагандан кийин кайсы бир айырмачылыктар болуп калышы ыктымал деген кооптонуу бардыгын айтып, мугалимдерден ушу тууралуу кайрылуулар арбын экенин белгиледи.

«2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлгөндө предметтик коэффициенти бирдей болбой калган. Ошонун натыйжасында айлыкта айырмачылык кездешкен. Азыр дагы тынчсыздануунун жана кайрылуунун негизи ушунда болуп жатат. Эгерде коэффициент теңдештирилбесе айлыктын айырмачылыгы андан да чоң болот деген коркунуч бар. Эгерде тиешелүү министрликтер бул боюнча иш жүргүзүп жаткан болсо маалыматты кеңейтиш керек. Экинчиден, орто кесиптик окуу жайлардагы 10-11-класстардын предметтик мугалимдеринин коэффициенти мектептин мугалимдериникинен дагы төмөн болуп жатат деп кайрылууда», — деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бул маселе боюнча 300дөн ашуун кат келгенин белгилеп, көйгөй чоңоюп кете электе түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

23 Апрель 2026 жыл 12:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча