Мамлекеттик сыйлыктар кыскарды. Жапаров мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамына кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жарандардын мамлекет жана коом алдында сиңирген эмгектерин моралдык жактан таанууну чагылдырган жогорку ардак наамдар системасын түзүү болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкүлөр сунушталууда:

1)     мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын түрлөрүнөн 46 түрдүн 22син белгилөө аркылуу алардын системасын бир эле мезгилде өркүндөтүү менен бекитүү, атап айтканда:

—          төмөнкүлөрдү уюштуруу менен:

«Эрдик» ордени (даражалары жок) – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Ардак» медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Кыргыз Республикасынын жаратманы» ардак наамын;

«Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамын;

—          төмөнкү ардак наамдарын сактоо менен:

«Кыргыз Республикасынын эл мугалими»;

«Кыргыз Республикасынын эл врачы»;

«Кыргыз Республикасынын эл артисти»;

«Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу»;

«Кыргыз Республикасынын эл акыны»;

«Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү»;

—          төмөнкүлөрдү алуу менен:

«Ата Мекен Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы – өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Данакер» ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

3 даражадагы «Эрдик» ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Даңк» медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы – үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

«Эмгек сиңирген» экинчи категориядагы ардак наамдарын;

2)       мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын укуктук статусун аныктоо;

3)       мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга сунуштоонун тартибин аныктоо;

4)       мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоонун, ардак наамдарды ыйгаруунун жана мамлекеттик сый акыларды берүүнүн тартибин аныктоо;

5)       мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдардын укуктарын жана милдеттерин бекитүү;

6)       мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдарга социалдык кепилдиктерди Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан белгилөө.

22 Апрель 2026 жыл 12:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча