
Министрлер кабинети V стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында токтом кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомдун негизинде, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби бекитилди.
Ошондой эле, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси токтомдун тиркемесине ылайык аныкталды. Бөйрөк алмаштыруу операциялары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Кыргыз-Түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасында, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Медициналык борбордо жүргүзүлөт.
Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргызстандын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат жана медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.