МИНИСТРЛИК ЭСКЕРТЕТ! МЕКТЕПТЕРДЕ АКЧА КАРАЖАТТАРЫН МЫЙЗАМСЫЗ ЧОГУЛТУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ

Агартуу министрлиги мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынарын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) мыйзамсыз акча каражаттарын алуу же моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулат.

Тыюу салуу КР президентинин 2023-жылдын 26-майындагы «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына негизделген.

4 Сентябрь 2025 жыл 11:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча