Мирбек Атабеков: “Феминизм үй-бүлө институтун бузуп жатат” (Видео)

Мирбек Атабеков: “Феминизм үй-бүлө институтун бузуп жатат” — ырчынын кайрылуусу кызуу талкуу жаратты

Кыргыз эстрадасынын жылдызы Мирбек Атабеков феминизмге байланыштуу ачык пикирин айтып, коомчулуктун көңүлүн бурду. Ал Instagram’дагы баракчасына видео кайрылуу жасап, төмөндөгүдөй билдирүү таратты:

“Феминизмди токтоткула. Башында бул идеология башкача болчу, азыр болсо үй-бүлө институттарын бузуп жатат. Кааласаңар, Европа же Америкага көчүп кетип жашагыла. Кыргыз — кыргыз бойдон калышы керек”, — деди Атабеков.

Аталган кайрылуу социалдык тармактарда дароо эле кеңири талкууга алынып, коомдо түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар ырчынын позициясын колдосо, башкалар бул көз карашты сынга алышты.

Мирбек Атабеков буга чейин да коомдук темаларга өз оюн айтып келген. Бул жолу анын билдирүүсү айрыкча үй-бүлө баалуулугу, улуттук иденттүүлүк жана замандын өзгөрүшүнө болгон көз караш маселелерин кайрадан күн тартибине чыгарды.

13 Июнь 2025 жыл 18:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча