Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жарандар кармалды

Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруп, өткөрүп жаткан жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул максатта алар бир күндүк батирлерди ижарага алышкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн дарек жана аны уюштурган жарандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.

Соттун чечими менен 2000-жылы туулган М.Б., 1989-жылы туулган К. Э., 1981-жылы Т. Ю., 1987-жылы туулган С. Г., 1994-жылы туулган И.Ж. аттуу жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы талдалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, мыйзамсыз кумар оюндарына катышуу жана уюштуруу мыйзам тарабынан тыюу салынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

17 Сентябрь 2025 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча