
Укук коргоо кызматкерлери Бишкекте «Арсенал» аталышындагы рейд өткөрүштү. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Рейд коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан «Курал жөнүндө» мыйзамдын талаптарын сактоо менен кызматтык, жарандык куралдарды жана ок-дарыларды колдонууга, ошондой эле курал-жарактарды оңдоочу цехтердин ишин көзөмөлдөөгө багытталган.
«Уюмдарда жана жеке күзөт ишканаларында куралды сактоо жана колдонуу талаптарынын сакталышы, каттоодо турган куралы бар, уруксат кагаздарынын бар-жогу жана курал алып жүрүү эрежелеринин сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында жеке күзөт ишканаларынын жетекчилерине жалпысынан 30 миң сомго 10 протокол түзүлдү. Мындан тышкары укук коргоо кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз курал алып жүрүү фактылары аныкталган.
Материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алдын алуу иш-чаралары улантылат.