Нарын РИИБдин кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды

2025-жылдын 9-октябрында УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору К.Н.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык тергөө учурунда ал Нарын шаарынын тургунун алдоо жолу менен акча каражатын алгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүү Ат-Башы райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

15 Октябрь 2025 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча