Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 346-чакырымында (Арка тилкеси) айланма жолдун («Круговой») курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Нарын шаарындагы айланма (Жаңы-Жол) унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаа каражаттарынын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет.
Министрлик айдоочулардан алдын ала маршруттарын пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду колдонууну өтүнөт.
Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
