
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 4,5 баллга, Кара-Булуң, Кара-Суу айылдарында 4 баллга, Ак-Жар, Ат-Башы айылдарында жана Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Ак-Чий айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.