Нарында үч адам баңгизат менен кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Нарын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча ишти аныкташты.

Мекеменин маалыматына ылайык, 1-апрелде ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө үч шектүү аныкталды. Алардын унаасын тинтүү учурунда баңгизат табылып, 1987, 1974 жана 1973-жылдары туулган жарандар Нарын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

3 Апрель 2026 жыл 12:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча