Нарында пара алып жаткан нотариус кармалды

Нарында пара алып жаткан нотариус кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Нарын шаардык мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу М.у.М. УКМК тарабынан кармалды.

Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө М.у.М. Нарын шаарынын тургуну Б.у.Б.дан каза болгон атасынан калган үйдү мурас катары каттоо үчүн пара алгандыгы аныкталды.

Кармалган М.у.М. Ат-Башы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

15 Апрель 2026 жыл 16:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча