Нарында жер силкинди

Бүгүн эртең менен саат 09:17де Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым, Нарын шаарынан түштүк-чыгышка карай 40 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

21 Апрель 2026 жыл 10:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча