Ноокатта опузалап акча алган аскер кызматкери колго түштү

Опузалап акча талап кылган Ноокат райондук аскер комиссариатынын аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында опузалап талап кылынган акча каражатын алуу учурда Ноокат райондук аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы С.у.М.ны кармалды. Кармоо иштери Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Кармалган С.у.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

30 Апрель 2026 жыл 10:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча