Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери Ормон Дадажанов Ноокен районунда 99 жашында чын дүйнө салды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Славян диаспорасы ассоциациясынан билдиришти.
Ормон Дадажанов 1926-жылы 5-июнда Ноокен районундагы Масы айылында туулган. Ардагердин артында чоң үй-бүлөсү бир уул, алты кыз, 28 небере жана 37 чөбөрөсү калды.
1945-жылдын мартынан 1950-жылдын апрелине чейин ал № 26 атчандар полкунун 1249-аскер бөлүгүндө кавалерист болуп кызмат өтөгөн. Демобилизациядан кийин ал 1950-жылдардан 1980-жылдарга чейин Масы айылында машина-трактор станциясында ширетүүчү болуп иштеген.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда Экинчи дүйнөлүк согуштун эки гана ардагери калды: Базар-Коргон районунун тургуну 100 жаштагы Мурза Далиев жана Сузак районунун тургуну 101 жаштагы Мамасалы Жумаев.