Окуучуларга коркутуу билдирүүлөрүн тараткан адамдын ким экени белгилүү болду

Борбордогу бир катар мектептердин окуучуларына карата тараган коркутуулар кылдат түрдө текшерилүүдө. Окуу жайларда зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталган жок. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

“Милиция кызматкерлери тарабынан коркутууларды тараткан адамдын өздүгү аныкталып, ал 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Россиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес. Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык мектептерде милициянын кошумча күчтөрү тартылган. Айрым билим берүү мекемелери убактылуу аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү. Келип жаткан бардык билдирүүлөр жана кайрылуулар дароо текшерилип жатат”-деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырат.

16 Октябрь 2025 жыл 22:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча