
Орусиянын парламенти Москвада жана Подмосковьеде мигранттарды жүргөн жери, геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти Мамлекеттик Дума 20-майда дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен жактырды.
Ага ылайык, ушул жылдын сентябрь айынан тартып алгач Москва менен Подмосковьеде мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөгөн төрт жылдык эксперимент башталат. Алар атайын тиркемеге катталып, укук коргоо органдарына жүргөн жери, геолокация тууралуу маалымат менен бөлүшүүгө макулдук берет.
Мигранттар өлкө бийлигине жүргөн жери тууралуу такай маалымат берип турууга милдеттүү болот. Эгер мындай маалымат үч күн же андан көп убакыт түшпөй калса ал мигранттар көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилет, башкача айтканда, аларга Орусиянын аймагында болушуна тыюу салынат.
Бул талап мигранттардан сырткары Москва менен жана анын жанындагы облуска 90 күндөн ашык убакытка келген чет өлкөлүк жарандарга дагы тиешелүү болот. Бул эреже беларус дипломаттары менен алардын үй-бүлөсүнө колдонулбайт.
2029-жылдан тартып бул эреже Орусиянын бардык аймагына таратылат.