Орусияда кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголду. Себеби

 Санкт-Петербургда жергиликтүү тургун менен жаңжалдашкандыгы үчүн 21 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды, деп билдирет Орусиянын «Фонтанка» маалымат каражаты. 

Кыргызстандык Санкт-Петербургда мыйзамдуу жашайт жана иштөөгө уруксаты бар. Ал таксист болуп иштейт жана 31-майга караган түнү жаш жигит 57 жаштагы жүргүнчүнү алып бараткан. Таксист тыгын үчүн кошумча акы төлөөнү сурангандыктан уруш чыгып, ал мушташка айланган. Жергиликтүү тургун мээсинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 

Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин кылмыш ишин козгоону тапшырды жана бул факт сабоо беренеси боюнча катталды.

3 Июнь 2025 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча